Афринде жергиликтүү калктан башкаруучулар түзүлөт

Бинали Йылдырым, Түркия, Сирия жана Ирактын жеринин бүтүндүгүн жактаганын айтты.

936839
Афринде жергиликтүү калктан башкаруучулар түзүлөт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркия, Сирия жана Ирактын жеринин бүтүндүгүн жактаганын айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым: «Сирия жана Ирактын жеринин бүтүндүгү биз үчүн баш тартылгыс. Түркиянын коопсуздугу Сириядан өтөт, Ирактан өтөт, бул жерлердин ырааттуулугунан өтөт»,-деди.

Йылдырым, партиясынын Газиантептеги Жаштар тармагынын кезектеги 5-облустук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө: «Эми Афринде кайрадан жашоо башталат. Жергиликтүү калктан башкаруучулар түзүлөт. Кудум эле Жераблустагы сыяктуу. Аймак жарылуучу заттардан тазаланган соң, ал жерге шаарды, районду таштап кеткен ал жердин жергиликтүү калкы, ээлери кайтып келип жайгашышат»,-деди.

Йылдырым: «ПКК,ПЙД,ДЕАШ террор уюмун ал жерден толугу менен тазалап, аймакта, өлкөбүздө тынчтыкты камсыздоо биздин алдыңкы планыбыз болчу. Түркиянын террор менен күрөшүүсүнө бөгөт болгусу келгендердин ойлорун таш капты»,-деди.


Этикеткалар: #Сирия , #Афринде

Тектеш кабарлар