Президент Эрдоган Түркия - Европа Биримдиги саммитине катышат
Эрдогандын сапарында Болгариянын премьер - министри Бойко Борисов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүшүнүн күтүлүүдө.
Президент Р. Т. Эрдоган Болгариянын жетекчилигинде Европа Биримдиги Комиссия жана кеңеш төрагалары тарабынан өткөрүлө турган Түркия - Европа - Биримдиги саммитине катышат.
Президенттик басма сөз борборунан берилген маалыматта 26 - мартта Варнада өткөрүлө турган саммитте Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси, 18 - Март миграция макулдашуусунан бери белгилүү темалардагы өзгөрүүлөр жана мындан кийин ташталышы керек болгон так кадамдар тууралуу пикир алышууларда болушары белгиленди.
Саммиттин өзгөчө Түркия - Европа - Биримдиги карым - катнаштарынын каралып чыгылышы, аймактык жана эл аралык темалардын каралышы үчүн да маанилүү бир мүмкүнчүлүк болору баса белгиленди. маалыматта президент Эрдогандын сапарында Болгариянын премьер - министри Бойко Борисов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүшүнүн күтүлүп жаткандыгы да билдирилди.