Үч аскер жарылуучу заттарды тазалап жатып шейит болду
Афринде колго жасалган жарылуучу заттарды тазалоо иштери жүрүп жатат.
935545
Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түрк куралдуу күчтөрүнүн акердик бөлүктөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы колго жасалган жарылуучу заттарды тазалоо иштери убагында 3 аскердин шейит болгонун билдирди.
Йылдырым: «Зайтун бутагы операциясы ийгиликтүү аяктады. Эми миналардан тазалап жатабыз. Террористтер тузак коюп кетишиптир. Буларды тазалап жатканда жан жоготуулар да болууда. Тилекке каршы бүгүн 3 шейитибиз бар. Колго жасалган жарылуучу заттарды тазалап жатып шейит болушту. Шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун тилиймин»,-деп айтты.
Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө да, издөө иштери убагында жарылуучу заттын жарылышынан 3 акердин да жараланганы белгиленди.