Бүгүн Шейиттер күнү

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Акар, 18-март Шейиттер күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

931421
Бүгүн Шейиттер күнү

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар, шейиттердин кандарынын эч качан жерде калтырылбай турганын жана жакындарынын көз жаштары үчүн террористтердин жооп бере тургандарын айтты.

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Акар, 18-март Шейиттер күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Акар билдирүүсүндө: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн эр жүрөк жана тайманбас мүчөлөрү тарабынан шейиттерибиздин кандары эч качан жерде калтырылбайт, жакындарынын көз жаштары үчүн террористтер жооп беришет»,-деди.

Акар: «Өлсөм шейит, калсам ардагер түшүнүгү боюнча кыймыл кылган армиябыздын баатыр шейиттеринен бизге калган ошол улуу рух, учурда терроризге каршы күрөшүү операциясы, 15-июль төңкөрүш аракети, Евфрат калканы жана дагы деле уланып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында ортого салынган тайманбастык жана эр жүрөктүктүн да илхам булагы болду»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар