Түрк Агымынын деңиз бөлүгүнүн жарымы бүткөрүлдү

South Stream Transport B.V фирмасы Газпромдун жолдун эки жагында 930 километрдик бөлүмүн төшөгөндүгүн жана ушундайча деңиз бөлүгүнүн 50 пайызын бүткөргөндүгүн жарыялады.

924552
Түрк Агымынын деңиз бөлүгүнүн жарымы бүткөрүлдү

Түрк Агымы жаратылыш газ жолунун деңиз астынан өткөн бөлүгүнүн жарымы бүткөрүлдү.

Орус энергия фирмасы Газпромдун проектисинин деңиз бөлүгүн алган South Stream Transport B.V фирмасы Газпромдун жолдун эки жагында 930 километрдик бөлүмүн төшөгөндүгүн жана ушундайча деңиз бөлүгүнүн 50 пайызын бүткөргөндүгүн жарыялады. South Stream B.V Түрк Агымын төшөгөн 'Pioneering Spirit' аттуу түтүк төшөө кемесинин Кара деңизде Болгариянын өзгөчө экономикалык зонасынын чек арасына жакын аралыктагы 706 – километринен өткөндүгүн белгиледи.

Түрк Агымында газ өткөрүүнүн 2019 -  жылдын декабрь айында башталышы күтүлүүдө.

Түтүк жолунун деңиз бөлүгү Орусиянын Анапа шаарынан Түркиянын Кыйыкөй аймагына чейин Кара деиңз боюнча 930 километри боюнча алдыга жылууда.



Тектеш кабарлар