Түрк куралдуу күчтөрү Афринде террор конвоюн атты
Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарына таандык 30 – 40 унаадан турган конвойдун атылгандыгын билдирди.
916397
Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарына таандык 30 – 40 унаадан турган конвойдун атылгандыгын билдирди.
Башкы штабдын төрагалыгы террористтер жана алардын курал жана ок - дарыларын ташыган конвойдун Африндин түштүк - чыгыш жагынан шаарга жакын жерде экендиги аныкталгандыгын жана шаарга 15 километрдик аралыкта атылгандыгын билдирди.
Маалыматта : «Операция учурунда бир гана ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарына таандык конвой бутага алынып ар дайым болгондой жарандардын зыян тартпашы үчүн бардык чаралар көрүлдү»,- деген сөздөргө орун берилди.