Президент Эрдоган сирия тектүү мушкер Чаррды кабыл алды

Дүйнө чемпиону Мануэль Чарр бел боосун Эрдоганга тапшырды.

915627
Президент Эрдоган сирия тектүү мушкер Чаррды кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнө чемпиону сирия тектүү мушкер Махмут Мануэль Чаррды кабыл алды.

Президенттиктин комплексинде жабык эшик артында өткөрүлгөн кабыл алууда Мануэль Чарр, орусиялык мушкер Александр Устиновду жеңип биринчи жолу дүйнө чемпиондугуна жетишкен бел боолорун президент Эрдоганга тапшырды.

Бел боонун үстүндө маркум мушкер Мухаммед Али менен президент Эрдогандын фотосүрөттөрү орун алган.

Кабыл алууда премьер-министр Бинали Йылдырым менен жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак да болду.

Дүйнө чемпиону мушкер Мануэль Чарр буга чейинки билдирүүсүндө, сириялыктар үчүн көрсөткөн кайрымдуулугунан улам ыраазычылык билдирүү иретинде жеңген бел боолорду түрк элине жана президент Эрдоганга белек кылгысы келгенин айткан эле.



Тектеш кабарлар