Маданият жана туризм министри Болгарияда

Маданият жана туризм министр Нуман Куртулмуш Европа Биримдигинин туризм министрлеринин саммитине катшуу үчүн барган Софияда болгариялык кесиптеши менен жолугушту.

909596
Маданият жана туризм министри Болгарияда

Маданият жана туризм министр Нуман Куртулмуш Европа Биримдигинин туризм министрлеринин саммитине катышуу үчүн барган Софияда болгариялык кесиптеши менен жолугушту. Куртулмуш сапарынан мурда Түркиянын София элчиси Хасан Улусойдун турак жайында тектеш жана алдыңкы кишилер менен жолугушту. Куртулмуш андан кийин коштоосундагы делегация менен Богариянын туризм министри Николина Ангелкова менен жолугушту. Жолугушууда эки министрдин Батыш Кара деңизге жээктеш болгон кээ бир жерлерге круиз кеме турлары менен Түркия жана Болгариянын жол башчылыгындагы Балкан өлкөлөрүн камтыган турларды жүргүзүүгө болору  билдирилди.

Бул максаттарга жетүү үчүн эки министрликтин жетекчилери орун алган иш алып баруу тобунун түзүлүшү жана мунун ылдамдык менен жыйынтыкталышына чечим чыгарылды. Жолугушууда эки өлкөнүн маданий байлыктарынын сакталышынын туризм үчүн да мааниси белгиленди.

Нуман Куртулмуш  сапарында Болгариянын Улуттук тарых музейин да кыдырып, иликтөө жүргүздү. Министр Куртулмуш андан кийин Болгариянын маданият министри Боил Банов менен жолугушту.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Нуман Куртулмуш Түркия менен Болгариянын ортосунда маданий жана туризм тармагында түзүлө турган түшүмдүү кызматташтыкка токтолду. Жолугушууда өзгөчө Болгария жана Түркиянын ортосундагы маданий карым – катнаштарды өнүктүрүү үчүн орток маданий мурастын кайрадан жандандырылышы үчүн кызматташтыктын түзүлүшү да каралды. Маданий байлыктардын саткалышы үчүн дагы көп аракеттин көрсөтүлүшү керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар