Шейиттер жана ардагерлердин бир тамчы каны дагы жерде калтырылбайт

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, Хатайда Сириянын Африн аймагына карай жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүздү.

908799
Шейиттер жана ардагерлердин бир тамчы каны дагы жерде калтырылбайт
orgeneral akar hatay1.jpg

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, шейиттер жана ардагерлердин бир тамчы каны дагы жерде калтырылбай турганын айтты.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында армия генералы Хулуси Акар, өзүн коштоп келген кургактык күчтөрү командири, армия генералы Яшар Гүлер жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз менен Хатайда Сириянын Африн аймагына карай жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүздү.

Ушул алкакта армия генералы Акар, 2-Армиянын командири, генерал-полковник Метин Темел жана аймактагы берки бөлүк командирлеринен кыймыл туурасында маалымат алып, буйругун берди.

Армия генералы Акар, текшерүүлөрү убагында сүйлөгөн сөзүндө, кыймылдын негизги максатынын, чек ара аймагында жана Афринде тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышы, аймак калкынын террористтердин зулумдугунан куткарылышы жана Түркиядагы сириялыктардын коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтууларынын камсыздалышы экенин эске салды.

«Кыймыл убагында көп кездешилгени сыяктуу террористтердин атайылап  жарандык кийим кийгендерине жана жарандардын өмүрүн коркунучка салып, мыкаачылык менен алардын отурукташкан жерлериндеги бир топ үйдү күчтөндүрүп, буктурма жана баш калкалоочу жай катары колдонгондоруна карабастан, карапайым калкка, жарандарга жана чөйрөгө зыян тийгизбөө үчүн ар түрдүү аяр мамиле жана аракеттин жумшалганына» көңүл бурган Акар: «Жайкын тургундар жана жарандар биз үчүн кол тийилгис болуп саналат»,-деди.

Кыймылдын БУУнун келишиминин 51-беренсинде орун алган мыйзамдуу коргонуу укугу жана БУУнун коопсуздук кеңешинин террор менен күрөшүүгө карай токтомдорунун алкагында, ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдары менен күрөшүүнү негиз кылып алганын баса белгиледи.

Армия генералы Акар, кыймыл убагында шейит болгон бардык аскерлердин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, үй-бүлөлөрүнө, улутка жана Түрк куралдуу күчтөрүнө кайрат айтып, ардагерлердин тез сакайып кетишин тиледи.

Акар: «Шейиттерибиздин жана ардагерлерибиздин бир тамчы каны да жерде калтырылбайт. Ушул алкакта аймактагы террористтердин тамыры жулунганга дейре күрөш чечкиндүүлүк менен улантылат»,-деп айтты.

Акар, кыймылга катышкан бардык кызматкерлерди, көрсөткөн баатырдык жана берилгендиги үчүн куттуктады.



Тектеш кабарлар