2019 - жылы Японияда Түркия жылы жарыяланат

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш 2018  Япония фестивалынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

908773
2019 -  жылы Японияда Түркия жылы жарыяланат

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш Түркия менен Япониянын салттык баалуулуктарга ээ чыгуу, үй  - бүлө түзүлүшү, коомдук карым  - катнаштар жактан окшоштуктардын бар экендигин айтты. Нуман Куртулмуш борбор шаар Анкарадагы Түрк -  Япон фондунун маданият борборунда өткөрүлгөн 2018  Япония фестивалынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

Эки өлкөнүн ортосундагы окшоштуктардын элдердин да бири бирине сүйүү жана симпатия көрсөтүүсүнө жол ачкандыгын айткан Куртулмуш жакынкы күндөрдө эки өлкөнүн жакындашуусуна шарт түзгөн түрдүү темалардын бар экендигин билдирди. Бул жылдын Кытайда Түркия жылы катары белгиленгендигин айткан Куртулмуш : «Алдыбыздагы жылы Японияда Түркия жылын жарыялайбыз. 2003 -  жылы Түркия жылы өткөрүлгөн, кайрадан Японияда Түркия жылын өткөрүүгө аракет кылабыз»,- деди.

Түркиянын экономикалык жактан да Япония менен карым  - катнаштарынын бар экендигине көңүл бурган Куртулмуш япон инвесторлордун Түркиянын чоң проектилерине ар дайым кызыккандыгын жана бул өлкө менен ар тармакта стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүшөрүн айтты.

Япониянын мамлекеттик министри Масаджи Мацуяма болсо Япония фестивалынын негизинде кино, каллиграфия сыяктуу япон маданиятын таанытуучу көптөгөн иш чаранын өткөрүлүшүнүн күтүлүп жаткандыгын, бул иш чаралар менен түрк калкынын япон маданиятын таануу жана Японияга барышынан ыраазы болорун белгиледи.

Министр Масаджи : «Футболдо Япониянын өкүлү Юто Нагатомонун Галатасарайга трансфер болушу менен Японияда Түркияга карата кызыгуунун дагы да артарын ойлоп жатам»,- деди.

Фестивалдын ачылышына Түрк  - Япон фондунун төрагасы Таййар Салыклар менен Япониянын Анкарадагы элчиси Акио Миядзима жана башкалар катышты. Программада музыка уктуруу менен Япония маданиятын тааныткан видео көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар