Кападокияда аба шары менен саякат кылуу

Кападокияда аба шары менен жылына орто эсеп менен 300 күн учууга болот.

907224
Кападокияда аба шары менен саякат кылуу

Түркиянын жаратылышы, тарыхы жана маданий туризминде маанилүү орунга ээ болгон Кападокия аймагында туристтердин аба шары менен саякат кылууга болгон кызыгуусу жыл өткөн сайын артууда.

Кападокия аймагында өткөн жылы ысык аба үйлөтүлгөн шар саякаттарына катышкан туристтердин саны, мурдагы жылга салыштырмалуу 32 пайыз өсүп 329 миңден ашты.

Жарандык авиация директорлугунун көрсөткүчтөрүнө караганда, жыл бою 19 миң 843 учуу ишке ашкан аймакта туристтер, Кападокия асманына көтөрүлүп көз жоосун алган көрүнүштү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кападокияда аба шары менен жылына орто эсеп менен 300 күн учууга болот.

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган аймакка 2017-жылы 2 миллион 206 миң 372 турист келсе, Кападокиянын тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырган 6 кишиден биринин аба шары саякатына катышканы белгиленди.



Тектеш кабарлар