Ливияда түрк фирмасынын жумушчулары качырылды

Түркиянын Ливия атайын өкүлү Эмруллах Ишлер Ливиянын түштүгүндө качырылган 3 түрк жаранынын дароо эркин койо берилиши үчүн аракет кылуусун суранды.

905258
Ливияда түрк фирмасынын жумушчулары качырылды

Түркиянын Ливия атайын өкүлү, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Анкара депутаты Эмруллах Ишлер Ливиянын түштүгүндө качырылган 3 түрк жаранынын дароо эркин койо берилиши үчүн аракет кылуусун суранды.

Ливиянын Аль – Ахрар телекөрсөтүү каналында берилген «Атайын жолугушуу» аттуу программага катышкан Ишлер ким экени белгисиз кишилер тарабынан качырылган түрк жарандарын эркин койо берилиши үчүн жетекчилер менен түштүк калкын аракет кылууга чакырды.

Ишлер : «Убари шаарында иштеген түрк жумушчулар ливиялык  бир туугандардынын коногу эле. Бир туугандарына кызмат кылуу үчүн барышты жана аймак калкына каршы эч бир кыймылга аралашпаса да  качырылды»,- деди.

Ливиядагы жетекчилер менен өткөргөн жолугушууда бул маселени күн тартибине алып келгенине карабастан ушул кезге чейин жумушчулардын эркин койо берилбегендигине көңүлдөрдү бурган Ишлер : «Ливия өкмөтүнүн арачылыгы менен бизге келген кабарларга караганда түрк жарандары кармалган жерди Ливия өкмөтү билет. Ден соолуктары жакшы жана кээ бир фотографиялар бизге келди»,- деди.

Жумушчулардын качырылышын айыптаган Ишлер түрк жарандарынын дароо эркин койо берилишин суранды. Ливиянын Убари шаарында куралдуу бир группа 2017 -  жылы 3 -  ноябрда түрк фирмасынын кызматкери 3 түрк менен 1 немисти качырган болчу.



Тектеш кабарлар