Түркиянын Орусиядан талабы
Сочи жыйынына катышкан террористти тапшырып берүүнү талап кылды.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, 30-январда Орусиянын Сочи шаарындагы Сирия улуттук диалог конгрессине катышкан бир террористтин Орусиядан тапшырылышын талап кылгандарын айтты.
Анкарада журналисттерге маалымат берген Чавушоглу, Орусиянын Түркияга берген катышуучулардын тизмесинде орун албаган террористтин конгресске катышкан болушуна Түркиянын каршы чыкканын билдирди.
Чавушоглу: «Бул кызыл бюллетень менен изделген ысым. Орусиянын бизге берген тизмесинде бул ысым жок. Жасалма документтер менен өлкөгө кирген жана ар кайсы жерлерде сүрөткө түшүп шоу көрсөттү»,-деп айтты.
Террористтин Орусиядан камакка алынышын жана тапшырылышын талап кылгандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Бул темада Орусия иликтөөлөрдү жүргүзүп бизге маалымат берет. Муну президент Владимир Путин жеке өзү карап жатат»,-деди.
Чавушоглу темага байланыштуу Орусиядан түшүндүрмө беришин талап кылгандарын да белгиледи.
Тектеш кабарлар

Эрдоган Улуттук парктардын ачылыш аземине катышты
Эрдоган: "Быйылкы айлана-чөйрөнү коргоо жумалыгынын темасын "Таза дүйнө, таза деңиз" деп аныктадык"

Пакистан Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүнү каалайт
Түркиянын Исламабаддагы элчиси Мехмет Пачажы премьер-министр Шариф тарабынан кабыл алынды.