Йылдырым Макронго каршылык көрсөттү

Премьер-министр Йылдырым суроолорго жооп берди.

900711
Йылдырым Макронго каршылык көрсөттү

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Франциянын президенти Эмануэль Макрондун «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

Йылдырым, Ливандын премьер-министри Саад Харири менен Анкарада Чанкая сарайында өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынынан кийин суроолорго жооп берди.

Йылдырым Макрондун Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында «ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди таасирсиз кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдан куткаруу үчүн баштаткан «Зайтун бутагы» операциясынына байланыштуу билдирүүсүндө Түркиянын Афринде туруктуу болбошу керектиги жөнүндөгү сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

«Франциянын ою жаман»,- деген премьер-министр Йылдырым: «Афринде биздин эмне каалаганыбызды түшүнүү үчүн «Евфрат калканы» операциясындагы, Мүнбич, Жераблус жана Азез багытындагы 2 миң чарчы километрдик аянтты караса жетиштүү. Мындан тышкаркы сереп салуулардын чындык менен эч байланышы жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар