Экономика министри Давосто жогорку мартабалуу жетекчилер менен жолугушууда

Нихат Зейбекчи Түркияга инвестиция салууну каалаган фирмалардын талаптарын ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты.

897505
Экономика министри Давосто жогорку мартабалуу жетекчилер менен жолугушууда

Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумунун 48 -  саммитине катышкан экономика министри Нихат Зейбекчи эки тараптуу жолугушууларын улантууда.

Экономика министри Зейбекчи Dow Европа фирмасынын, Жакынкы Чыгыш жана Африканын вице  - президенттери менен DowAksa фирмасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Хайнц Халлер жана Uber Европа фирмасы, Жакынкы Чыгыш жана Африканын вице  - президенти  Пьер-Димитрий Гор-Коти менен өз өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Түркияга инвестиция салууну каалаган фирмалардын талаптарын ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айткан Зейбекчи Түркиянын мыйзамдуу процедураларды орундаткан бардык инвесторго каалгасынын ачык экендигин айтты.

Зейбекчи Давос саммиттинде Швейцариянын экономика, билим берүү жана изилдөөдөн жооптуу федералдык өкмөттүн башчысы Иоганн Шнайдер-Амманн жана Лихтенштайндын тышкы иштер, билим берүү жана маданият министри Аурелия Фрик менен да жолугушуп эки тараптуу экономикалык темалардын өнүктүрүлүшүнө карата пикир алышууларда болду.



Тектеш кабарлар