Европа Биримдиги министри Өмер Челик Брюсселде жолугушууларды өткөрөт
Өмер Челик Федерика Могерини менен жолугушат.
896940
Сириянын Африн аймагында террористтерге карата башталган «Зайтун бутагы» операциясынан кийин Европа Биримдиги менен алгачкы бетме - бет жолугушуу бүгүн өткөрүлөт.
Европа Биримдиги министри Өмер Челик Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдиги комиссиясынын төрага орун басары Франс Тиммерманс жана тышкы карым - катнаштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушат.
Жолугушууда «Зайтун бутагы» операциясы жана Түркия - Европа Биримдиги карым – катнаштары каралат. Айрыкча Түркиянын Европа Биримдиги процесси да бардык жактары менен каралып чыгат.
Европа Биримдиги министри Челик Түркиянын толук мүчөлүк тууралуу альтернативдерге жабык экендигин билдирет.