Ибрахим Калын CNN International каналында "Зейтин далы" операциясы тууралуу маалымат берди

Ибрахим Калын CNN International каналында Кристиан Аманпурдун суроолоруна жооп берди.

896111
Ибрахим Калын CNN International каналында "Зейтин далы" операциясы тууралуу маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрхим Калын Афринге карата «Зейтин далы» («Зайтун батагы») кыймылынын Сирия күрттөрүнө эмес, күрттөрдүн өкүлү экендигин айткан террорго карата жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Ибрахим Калын CNN International каналында Кристиан Аманпурдун суроолоруна жооп берди. Африн аймагынан Түркияга 700гө жакын кол салуу болгондугун белгилеген Калын : «Биз мындай террордук уюмдун чек арабызга жакын жерде автономиялуулукту алуусуна жана мамлекет сыяктуу  түзүлүшкө уруксат бербейбиз»,- деди.

АКШ менен карым  - катнаштардын ПЙД таасир бере албай турганчалык маанилүү экендигин белгилеген Калын : «Түркия – АКШ бирдикте иштей турган болсо дагы чоң стратегиялык пайдабыз болот»,- деди.

Америка өкмөтү таштоосу керек болгон  так кадамдын акыркы эки жылда ПЙД/ЙПГге берген бардык куралдарды чогултуу экендигин баса белгилеген Калын эки өлкөнүн аскерлеринин бетме  - бет келишинин мүмкүн эмес экендигин айтты. Ибрахим Калын Түркиянын Сирияда Орусия менен бирдикте иштөөнү улантарын белгилеп : «Союздаштарыбыздын бул уюмга берген колдоосун  акырына чыгарышын талап кылабыз»,- деди. Президенттиктин катчысы «Зейтин далы» кыймылынын аймактагы күрттөргө карата эмес экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар