Түркия операция менен барган эч бир жерге зулумдук, кан жана көз жашын алып барбан жок

Ибрахим Калын, борбор калаа Анкарада «Зайтун бутагы» кыймылы каралган президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Коопсуздукту талкуулоо жыйналышы тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

895304
Түркия операция менен барган эч бир жерге зулумдук, кан жана көз жашын алып барбан жок

 

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын операция менен барган эч бир жерге зулумдук, кан жана көз жашын алып барбаганын белгиледи.

Ибрахим Калын, борбор калаа Анкарада «Зайтун бутагы» кыймылы каралган президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Коопсуздукту талкуулоо жыйналышы тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Түркиянын ушул убакка дейре ушуга окшош операциялар менен барган эч бир жерге зулумдук, кан, көз жашы, жамандык алып барбаганын белгилеген Калын: «Тескерисинче өлкөбүздүн аяк баскан ар бир жеринде адамдар тынчтык жана бакубат жашоолорун улантышууда. «Евфрат калканы» кыймылы болгон аймак мунун эң так мисалы болуп саналат»,-деди.

Түркиянын башкы максатынын чек араларынын коопсуздугун, атуулдарынын жан жана мүлк коопсуздугун камсыздоо болгонун баса белгилеген Калын: «Сириянын жеринин бүтүндүгүн урматтообуз да бул операциянын маанилүү себептеринин арасында турат. Бул өлкөдөгү араб, түркмөн, күрт туугандарыбыздын тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү менен Сирияда жашай алууларын камсыздоо үчүн өз милдетибизди аткарууну, коңшулук жана туугандык укугубуздун талабы катары кароодобуз. «Зайтун бутагы» операциясы кайсы бир этникалык топко эмес, бир гана террор уюмдарына каршы жүргүзүлүүдө»,-деп айтты.

Катчы Калын, Эркин Сирия армиясынын мүчөлөрү жана аларды колдогон Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык бөлүктөрдүн, Афринде белгиленген жикчил террор уюмуна таандык буталарды талкалап, коопсуз түрдө илегрилөөсүн улантканын билдирди.

Калын, террорист элементтер менен жаран калкты айырмалоо темасындагы аяр мамиленин, ар бир операцияда болгону сыяктуу бул жерде да жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар