Түркияга багыттала турган ар түрдүү коркунучту жок кылууга чечкиндүүбүз

Түркия, АКШнын жикчил террор уюму ПКК/ПЙДны армияга айландыруу аракетин айыптады.

888236
Түркияга багыттала турган ар түрдүү коркунучту жок кылууга чечкиндүүбүз

Түркия, АКШнын жикчил террор уюму ПКК/ПЙДны армияга айландыруу аракетин айыптап, Түркияга багыттала турган ар түрдүү коркунучту жок кылууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Террор уюму ПЙД/ПККнын АКШнын колдоосу менен Сирияда жалган «Чек ара коопсуздугу күчүн» курууга даярданганы жөнүндөгү эл аралык басма сөздө орун алган кабарлар боюнча АКШнын элчи милдетин аткаруучусун 10-январь күнү Министрлигибизге чакыртып, түшүндүрүүсү талап кылынган»,деген сүйлөмдөр орун алды.

Билдирүүдө: «Бул ирет ДЕАШ менен күрөшүү боюнча Эл аралык Коалициянын катчысы тарабынан жасалган билдирүүгө шилтеме кылынып, бир аз бөлүгү ПЙД/ЙПГ элементтеринен курала турган жана ПЙД/ЙПГ жетектеген жалган «Сирия демократиялык күчтөрүнүн» (СДК) командирлигинде кызмат өтөй турган 30000 кишилик жалган «Сириянын чек ара коопсуздугу күчү» түзүлүүсү максаты менен Коалициянын СДК менен бирге иштегени жөнүндө кабарлар чыкканы көрүнүүдө.

АКШнын убадалары жана баяндоолоруна карама-каршы түрдө ПЙД/ЙПГ менен кызматташтыгынын улантылышы аркылуу улуттук коопсуздугубузду жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн коркунучка түшүргөн мындай түрдөгү киришүүлөр эч качан кабыл алынбайт. Бул жаңылыш мамилени улантуу боюнча өжөрдөнүүсүн айыптайбыз жана Түркиянын өлкөсүнө багыттала турган ар түрдүү коркунучту жок кылууга чечкиндүү жана укуктуу болгонун дагы бир жолу эске салабыз»,делди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да: «Түркия, улуттук кызыкчылыктары багытында коопсуздугун камсыздаш үчүн керектүү чараларды көрүүсүн улантат. Ушул алкакта мыйзамдуу максат болгон террор уюмдарына  каршы күрөштө орду, убагы жана формасы Түркия тарабынан белгилениши үчүн ар түрдүү кийлигишүү укугу бар»,деген маалымдоосун бөлүштү.

АКШ баштаган ДЕАШка каршы коалициянын катчысы, полковник Райан Диллон, Сирияда басымдуу түрдө (ПЙД/ПККнын туундусу) Сириянын демократиялык күчтөрүнөн (СДК) турган жана 30000 кишилик «Чек ара коопсуздугу күчүн» кура тургандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар