Бүгүн эмгектенүүдөгү журналисттердин күнү
Ушул күндөн улам президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Межлисинин Төрагасы Исмаил Кахраман жана премьер-министр Бинали Йылдырым бир-бирден билдирүүлөрүн жарыялашты.
Бүгүн 10-январь күжүрмөн журналисттердин күнү.
Ушул күндөн улам президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Межлисинин (ТУУМ) Төрагасы Исмаил Кахраман жана премьер-министр Бинали Йылдырым бир-бирден билдирүүлөрүн жарыялашты.
Президент Эрдоган, өз билдирүүсүндө; саясий турмушунда өзүнүн да убак-убагы менен медиадан зыян тартканына карабастан ар башка үндөрдүн, ар башка маданияттардын өзүн баяндай алышы, пикирлерин жеңил-желпи айта алышы үчүн күрөшкөнүн белгилеп кетти.
Эрдоган: «Пикир эркиндиги темасындагы сезимталдыгыбызды тебелеген айрымдары, дезинформация кылып манипуляциалык кабарлар менен улутубуздун туугандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн бузууга аракат кылышууда»,-деди.
Президент билдирүүсүндө, «Мен ишенемин максаты чындап эле кабарчылык болгондор менен кабарчылыкты инструментке айландыргандар айырмаланган сайын, медиа мекемелерибиз өлкөбүздүн демократия стандарттарынын артышына, өнүгүүсүнө, күчтөнүшүнө салым кошот»,-деп айтты.
ТУУМдун төрагасы Исмаил Кахраман да билдирүүсүндө: «Эч бир жаман ой ойлобостон, тарапсыздык принцибинин алкагында окуялардан кабардар болушубузду камсыздаган журналисттиктин, технологиялык жаңылануулар менен бирге функцияларын түрлөнтүп, маанисин сактай турганына ишенүүдөмүн»,-деди.
Премьер-министр Бинали Йылдырым да билдирүүсүндө: «Эркиндиктерди кыянаттыкка колдонууну, террордун жана террор уюмдарынын пропагандасын жасоону жана белгилүү камкорчу күчтөрдүн күн тартибин өлкөгө мажбурлоону журналисттик иш-аракети катары айтуу албетте мүмкүн эмес»,-деди.