Эрдоган Макрондун чакыруусу боюнча Францияга барат

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жазуу түрүндө билдирди.

879516
Эрдоган Макрондун чакыруусу боюнча Францияга барат

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу боюнча 5-январда бул өлкөгө сапар жасайт.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Эрдогандын Францияга сапарында Кудус, Сирия, Ирак жана террор менен күрөшүүдөн баштап аймактык темалар жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын карала турганын билдирди.

Калын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө президент Эрдогандын Франциянын президенти Макрондун чакыруусу боюнча 5-январда Францияга бара турганын белгилеп: «Францияда жашаган орто эсеп менен 700 миң калктуу түрк коомчулугу, өлкөбүздүн ортосунда көпүрө милдетин аткарууда. Урматтуу президентибиздин сапары, Франция менен карым-катнаштарыбыздын эки тараптуу түрдө улуттарыбызга жана бүтүндөй аймакка пайдасы тийгидей түрдө бекемделишине багытталат»,-деди.

Ибрахим Калын, эки өлкөнүн ортосундагы түптүү карым-катнаштардын эки тараптуу инвестиция, энергетика, коргоо өнөр жайы, илим жана технология, транспорт, маданият жана билим берүү сыяктуу кеңири тармактагы маанилүү долбоорлорду да чыңдаганын билдирди.



Тектеш кабарлар