Бир жуманын ичинде 1 миң 119 операция жүргүзүлдү
Операцияларда 13 террорист жок кылынды.
879481
Акыркы 1 жуманын ичинде жүргүзүлгөн операцияларда 13 террорист жок кылынды.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 25-декабрдан 1-январга чейин 1 миң 119 операция жүргүзүлгөнү белгиленди.
Террордук уюм ПКК менен байланышы бар 125, Фетуллахчы террор уюму менен байланышы бар 493, ДЕАШ менен байланышы бар 325 киши кармалды.
Операцияларда бангизат соодасы кылмышынан болсо 3 миң 764 киши камакка алынды.
Ошондой эле көп сандаган курал-жарак жана ок-дары табылды.
Тектеш кабарлар
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды
Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.