10 миллион адам ачарчылыктан көз жумган дүйнөдө семиздикке каршы күрөш жүрүп жатат

Заманбап дүйнөнүн негизги маселелеринин бири да бала чактагы семиздик

869303
10 миллион адам ачарчылыктан көз жумган дүйнөдө семиздикке каршы күрөш жүрүп жатат

10 миллион адам ачарчылыктан көз жумган дүйнөдө семиздикке каршы күрөш жүрүп жатат.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, азык-түлүк ресурстарынын адилетсиз бөлүшүүсүнө көңүл буруп, бул теманын талкууланышы керектигин айтты.

Эмине Эрдоган, Стамбулда Семиздикти алдын алуу темалуу симпозиумдун ачылышында сөз сүйлөдү.

Заманбап дүйнөнүн негизги маселелеринин бири да бала чактагы семиздик экенин белгилеген Эмине Эрдоган, көчөдө азыктануунун көбөйүшү, тамактын көп түрдүүлүгү, майлуу тамактарга оңой жете алуу, бул маселени дагы да курчутканын түшүндүрдү.

Маселеге чечүүчү жол табууда болсо мамлекетке, үй-бүлөгө, жеке адамга чоң жоопкерчиликтер түшкөнүн баса белгиледи.

Эмине Эрдоган, балдардын имараттарда жана мектеп сервистеринде өткөн жашоолору бою басууга, чуркоого жана велосипед тебүүгө мүмкүнчүлүк таба албагандарын, балдардын эми технологияга берилип кетишинин себебинен жабык аянттарга камалгандарын, мунун да семиздикке алып келгенин баса белгиледи.

Сөз сүйлөөсүнүн аягында бүткүл дүйнөнү кызыктарган чындыкты эске сала кеткиси келгенин айткан Эмине Эрдоган: «Тилекке каршы жылына 10 миллион адам ачарчылыктан көз жумган дүйнөдө, адамдар семиздикке каршы күрөшүп жатат. Семиздикке байланыштуу оорулардан каза тапкандардын саны, ачарчылыктын себебинен көз жумгандардан дээрлик үч эсе көп. Азык-түлүк ресурстарынын адилетсиз бөлүшүүсүнөн келип чыккан бул маселени да талкуулашыбыз керек. Адилеттүү бөлүшүлгөн учурда дүйнөдө ар кимге жете тургандай азык бар экенине ишенемин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар