Түркия жардам берүү программасын 120 өлкөдө улантууда

Түркия жардам берүү жагынан АКШдан кийин экинчи орунда турат

855735
Түркия жардам берүү программасын 120 өлкөдө улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк тышкы саясатынын негизги принцибинин ишкерлер жана гуматнитардык жардамдар саясаты экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Антальяда тогузунчусу өткөрүлгөн Глобалдык Түштүк-Түштүк Өнүгүү жарманкесинин ачылышына катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Чавушоглу, Түркиянын аз өнүккөн өлкөлөрдүн маселелерин күн тартипке коюуну уланта турганын айтты.

Чавушоглу Түркиянын көрсөткөн 6 миллиард долларлык жардамдары менен бул тармакта АКШдан кийин экинчи орунда турганын эске салды.

Түркиянын гуманитардык жардамдар боюнча тышкы саясатынын алкагында кыйналгандарга жардам көрсөткөнүн белгилеген Чавушоглу: «Жакыркычылык, кагылышуу, табигый кырсыктардан жабыркагандарга жардам берип жатабыз. Учурда бул программаларды дүйнөнүн 120 өлкөсүндө улантуудабыз. Быйыл гуманитардык жардамдар жагынан биринчи болууну максаттап жатабыз, ансыз деле улуттук киреше боюнча чоң айырма менен биринчи турабыз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар