Нигерияда болгон кол салууда 50 киши каза болду

Тышкы иштер министрлиги Нигерияга көңүл айтты.

852329
Нигерияда болгон кол салууда 50 киши каза болду

Нигериянын түндүк  - чыгышындагы Муби кыштагында бир мечитти бутага алган жан кечтилик кол салууда эң аз 50 киши каза болду. Нигерия полициясынын катчысы француз маалымат агенттиги АФПге берген маалыматында кол салууда ондогон кишинин да жаралангандыгын айтты.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча моюнга алган болгон жок, бирок террордук уюм Боко Харамдын аймакта буга окшогон кол салууларды жасагандыгы белгилүү.

Түркия Нигерияда жасалган жан кечтилик кол салууну айыптады. Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалап, Нигерия өкмөтү менен Нигерия калкына көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар