Килисте сириялык балдар үчүн мектеп ачылды
120 окуучуну алган класстардын ачылышына Кристиан Бергер, Филипп Дуамель менен ЮНИСЕФтин жакшы ниет элчиси актриса Туба Бүйүксүтүн катышты.
849986
Килисте сириялык балдар үчүн Европа Биримдигинин колдоосу менен курулган класстар билим алууга ачылды. Билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн проектинин негизинде 120 окуучуну алган класстардын ачылышы үчүн Килис «Хүррийет» башталгыч мектебинин короосунда азем өткөрүлдү.
Салтанатка Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын төрагасы элчи Кристиан Бергер, ЮНИСЕФтин Түркия өкүлү Филипп Дуамель менен ЮНИСЕФтин жакшы ниет элчиси актриса Туба Бүйүксүтүн катышты.
Балдардын билим алышы Сириянын келечеги үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеген Бергер андан да маанилүүсүнүн кагылышуунун жана согуштун аяктоосу экендигин айтты.
Ачылыштан кийин класстарга кирген Берген менен Бүйүксүтүн сириялык кичинекей окуучу менен маектешти.