Анкарада тескери үй курулду

Борбор шаар Анкарада бир ишкер тарабынан курдуртулган «тескери үйдү»  100 миң кишинин көрүүсү максат кылынууда.

842645
Анкарада тескери үй курулду

Борбор шаар Анкарада бир ишкер тарабынан курдуртулган «тескери үйдү»  100 миң кишинин көрүүсү максат кылынууда.

Ишкер Мехмет Эмин Гөрмез тарабынан патенти алынган жана Чанкаяда көрүүгө ачылган «тескери үй» ички жана тышкы көрүнүшү менен «баш айландыруучу».

Чыныгы буюмдар колдонулган үйдө перделер, ашкана мебелдери, туалет, уктоочу бөлмө, шкафтар, кир жуугуч машина сыяктуу буюмдар шыпта орун алган. Төрт айлык эмгектенүүдөн кийин 420 миң лирага  бүткөрүлгөн үй абдан чоң кызыгуу көрүүдө.

Биринчи тескери үйдү 2015 -  жылы Антальяда, экинчисин бул жылы Анкарада ачкан Гөрмез үчүнчүсүн Эскишехирде, төртүнчүсүн Стамбулда ачууну ойлоп атат.

Гөрмез кадимки турак үйгө 9 тоннага жакын болот конструкция колдонулса бекем болушу үчүн тескери курулган үйдө 28  тонна болот конструкция колдонушкандыгын айтты.

Үйдүн пайдубалынын 10 метр квадрат экендигин белгилеген Гөрмез үйдүн бир тарабында 9 градус, бир тарабынан болсо 8.6 градус жантайткандарын билдирди. Бул жантаюнун кыска убакыт зыяратчылардын башын айландыргандыгын билдирген Гөрмез башка курулган  тескери үйлөрдүн анчалык жантайынкы эмес экендигин белгиледи. Мындан мурда Антальяда курган тескери үйдүн абдан чоң кызыгуу көргөндүгүн айткан Гөрмез Анкарада ачкан тескери үйдө максаттарынын 100 миң көрүүчү санына жетүү экендигин айтты. Гөрмез жаңы проектилер үчүн иштеп жатышкандарын баса белгилеп буларды айтты : «Жаңы проектибиз үчүн жана тышкы архитектурасы айырмаланып турат. Мындан кийинки үйүбүз жана буюмдарыбыз толугу менен жыгачтан болот. Дагы табигый көрүнүштү беришин ойлоп жатабыз. 750 метр квадраттык көлөмдөгү, ичинде өзгөчө нерселер жасала турган бир проекти болот. Бир канча жылдын ичинде турмушка ашырууну ойлоп жатабыз».


 



Тектеш кабарлар