Кападокияда 5 миң жылдык отурукташуу жери табылды

Невшехирде биздин эрага чейинки 3 – 2 -  миңинчи жылдардын арасына катталган эрте коло дооруна таандык отурукташуу жери аныкталды

845166
Кападокияда 5 миң жылдык отурукташуу жери табылды

Невшехирде биздин эрага чейинки 3 – 2 -  миңинчи жылдардын арасына катталган эрте коло дооруна таандык отурукташуу жери аныкталды. Шаардын борборуна 20 километр жакын Чакылтепеде бир  дөңсөөнүн  көңүлдөрдү бурушу менен аймакта иликтөө жүгүзгөн археологдор Невшехир Ажы Бекташ Вели университети жана Невшехир музей директорлугунун кызматташтыгында  аянтта иликтөө баштатты.

Топтор «ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде» орун алган Кападокиянын тарыхына жарык чачкандыгы ойлонулган аймакты иликтеп, табылган идиш  - аяк, айнек бөлүкчөлөрү сыяктуу табылгаларды коргоого алды.

Невшехир университетинин археология  бөлүмүнүн мугалими жана Чакылтепе аянтын изилдөө иштеринин жооптуусу доцент Ялчын Камыш алты кишилик илимий делегациянын түзүлгөндүгүн жана табылгалардын кенен түрдө иликтенгендигин айтып, отурукташуу жеринин дагы эски мезгилдерге таандык болуп же болбогондугу казуу иштеринде ортого чыгарын айтты. Камыш кенен түрдө ишке ашырыла турган казуу иштеринин 2018 – жылы май айында башталарын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар