Немрут тоосунун зыяратчылары

«Күндүн чыгышы менен батышы дүйнөдө эң жакшы көрүнгөн жери» деп билинген Адыямандагы Немрут тоосун 9 айда 52 миң киши зыярат кылды.

834902
Немрут тоосунун зыяратчылары

 

ЮНЕСКОнун  дүйнөлүк маданий мурас тизмесинде орун алган, Адыямандын Кахта районунун чек арасындагы Немрут тоосу Коммагене королдугуна таандык 50 метр бийиктикте 150 метр диаметрдик курган жана көптөгөн чоң чыгармасы менен өзгөчө маданият сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун тартууда.

Улуттук парк аянты катары коргоого алынган жана «күндүн чыгышы менен батышы дүйнөдө эң жакшы көрүлгөн жер» деп мүнөздөлгөн Немрут тоосуна туристтердин кызыгуусу абдан чоң.

Түркиянын төрт тарабынан туристтерди тосуп алган жерге туристтердин дагы оңой келиши үчүн да иштер улантылууда. Облустук маданият жана туризм директору Мустафа Экинжи 9 айда 52 миң кишинин Немрут тоосун зыярат кылгандыгын, булардан 2 миңинин чет элдик турист экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар