Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдөгү жоомарт донор өлкө

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди,Анадолу агенттигинин кабарчысына маалымат берди.

833112
Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдөгү жоомарт донор өлкө

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди, Түркиянын аракандык мусулмандарга карай гуманитардык жардамдары тууралуу, «Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдө жоомарт донор өлкө болуу өзгөчөлүгүн улантууда»,-деди.

Филиппо Гранди, Европа Биримдиги менен Кувейт жол башчылык кылган жана Эл аралык миграция уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссардыгы менен БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация кеңсеси биргелеше өткөргөн «Аракандык баш калкалоочулар үчүн эл аралык жардам конференциясын» Анадолу агенттигинин кабарчысына талкуулап берди.

Мьянманын Аракан провинциясында армия жана фанатик буддистердин кол салуусунан качып Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандардын негизги жашоо муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн талап кылынган 434 миллион доллардык шашылыш фонддун 335 миллион долларынын камсыздалганын эске салган Гранди: «Конференциянын жыйынтыгына ыраазыбыз. Мындан мурда талап кылынган 434 миллион доллардык фонддун орто эсеп менен 4төн үчүн ушул конференция аркылуу камсыздаган болдук»,-деди.

25-августтан бери Мьянмадагы зомбулук окуяларынан качып Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандардын санынын 600 миңден ашканын эске салган Гранди: «Бул көп жылдардан бери көрбөгөн эң ылдам өскөн жана чоң кризис»,-деди.

Гранди, Түркиянын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, элчи Али Нажи Корунун конференцияда айткан, «Пландалган долбоорлор жана тапшыруулар менен Түркия тарабынан (аркандык мусулмандарга) камсыздалган гуманитардык жардам көлөмү жалпысынан 50 миллион доллардан ашат»,деген сөздөрүнө токтолуп, Түркияны мактап өттү.

Гранди: «Муну айта кетейин Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдө жоомарт донор өлкө болуу өзгөчөлүгүн улантууда. Муну менен катар БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссардыгынын да дүйнөдө эң көп бозгунду баш калкалаткан мекеме экенин белгилей кетейин»,-деген серебин салды.



Тектеш кабарлар