Виза маселеси жакында чечилет

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын TRT World Forumдун ачылышында сөз сүйлөдү

829741
Виза маселеси жакында чечилет

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШ менен болуп жаткан виза кризисинин кыска убакта чечилээрин айтты.

Стамбулда өтүп жаткан ТРТ World форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Калын, виза кризисине байланыштуу мурдагы күнү Анкарага келген Американын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдүн уланганын жана жакшы багытта жүрүп жатканын белгиледи.

Деталдардын бир канча күндүн ичинде тактала турганын айткан Калын, жакынкы убакта виза маселесинин чечилээрине ишенгенин билдирди.

Түркиянын бул маселенин чечилүүсүн жактаганын белгилеген Ибрахим Калын: «Бирок келген делегация бул ишти бүтүрүү үчүн милдеттендирилген делегация эмес, биздин көз караштарыбызды Вашингтонго билдирет. Эки өлкөнүн ички иштер, тышкы иштер жана адилет министрликтеринин ортосунда  туура мааламыт алмашылуусу талап кылынып, консулдук аркылуу байланышуу боюнча макулдашуу түзүлүүдө»,-деп айтты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат булактары да, АКШнын делегациясы менен виза сүйлөшүүлөрүнүн оң өткөнүн белгилешти.

Виза кризисин чечүү үчүн АКШдан Мамлекеттик катчылыктын кеңешчи орун басары Жонатан Коэндин жетекчилигиндеги делегация Анкарага келген болчу.

Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн жыйында түрк тарабында болсо, Тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары менен катар Адилет жана ички иштер министрлигинин кеңешчи орун басарлары орун алган.



Тектеш кабарлар