Түндүк Иракта эки аскер шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрү Түндүк Ирактагы Зап аймагында чыккан кагылышууда 2 аскердин шейит болгондугун, 3 аскердин жаракат алгандыгын билдирди.

828314
Түндүк Иракта эки аскер шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрү Түндүк Ирактагы Зап аймагында чыккан кагылышууда 2 аскердин шейит болгондугун, 3 аскердин жаракат алгандыгын билдирди.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта : «2017 -  жылдын 16 -  октябрында Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында жикчил террордук уюм тарабынан бомбанын жардырылышы менен чыккан кагылышууда эки каарман аскерибиз шейит болуп, бирөөсү оор болгон үч каарман аскерибиз жараланды. Кагылышуудан кийин Зап аймагына жүргүзүлгөн аба операциясында жикчил террордук уюмдун мүчөсү 8 террорист өлтүрүлдү»,- деп айтылды.

Ошол эле учурда Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түдүгүндөгү Зап аймагына бүгүн жасалган аба операциясында 6,  2 куралдуу учкучсуз унаа болуп 8 жикчил террордук уюмдун мүчөсү өлтүрүлдү. Аймакта кечээ жүргүзүлгөн операциялар менен өлтүрүлгөн террорист саны 16га жетти.



Тектеш кабарлар