Дүйнөнүн эң мыкты яхтасы Муглада

"Sunrays" Мугланын көзгө көрүнүктүү туризм борборлорунан Мармариске келди.

828055
Дүйнөнүн эң мыкты яхтасы Муглада

Дүйнөнүн мыкты яхталарынын арасында көрсөтүлгөн 86 метр узундуктагы  мега люкс яхта "Sunrays" Мугланын көзгө көрүнүктүү туризм борборлорунан Мармариске келди.

Райондогу мариналарга батпагандыктан Мармарис портуна токтогон яхта жарандар менен туристтердин кызыгуусун тартты. Бир канча күн портто турары белгиленген яхтанын 240 миң литр күйүүчү май куюш үчүн документтерин бажы жетекчилерине бергендиги билдирилди.

Порттун жетекчилери яхтанын кимге таандык экендигин билдиришкен жок. Жалпы дүйнөдөгү мега люкс яхталар тууралуу берүүлөрдү берген интернет сайттарында мындан мурда омандык ишкер Мухаммед Ал Барваниге таандык "Sunraysтин" акыркы ээсинин индиялык ишкер Рави Руиа экендиги тууралуу маалымат орун алды.

Голландиядагы Oceanco кеме жасоочу жайынан 2010 -  жылы март айында деңизге түшүрүлгөн яхтанын Эл аралык Супер Ассоциациясы тарабынан 2010 -  жылдын мыкты яхтасы деп тандалгандыгы белгиленди. "Sunraysтын" 86 метр узундукта жана 14 метр кеңдикте  экендиги, ичинде бардык мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендиги белгиленди.

25 кызматкери бар яхта андан мурунку жылдарда бир топ жолу Мармарис портуна якорь таштаган болчу.



Тектеш кабарлар