TRT World чоң бир симпозиум өткөрөт

Стамбул 18 -  октябрда глобалдык маселелер карала турган чоң бир симпозиумду өткөрөт.

825922
TRT World  чоң бир симпозиум өткөрөт

Стамбул 18 -  октябрда глобалдык маселелер карала турган чоң бир симпозиумду өткөрөт.

Ачылуу сөзүн президент Р. Т. Эрдоган аткара турган симпозиум Түркиянын эл аралык тармакта англис тилинде берүүлөрүн эфирге чыгарган TRT World өткөрүүдө.

TRT Worldдын актуалдуу, маданий, саясий, экономикалык жана социалдык маселелерге чечүүчү жол табуу максатында биринчи жолу өткөрө турган TRT World форумда бир топ өлкөдөн 400гө жакын саясатчы, ишкер, илимпоз, активист жана журналист тыгыз күн тартип менен жолугушат. Салтка айландырыла турган форумдун темасы «Белгисиздик  доорунда өзгөрүүгө багыт берүү».

TRT World форумунда доклад окуучулардын арасында референдум кризисин жашап жаткан Испаниянын мурунку премьер  - министри Хосе Луис Родригес Сапатеро, Малкольма Хнын кызы активист  Илясах Шабазз, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Түштүк Африканын өнүгүү министри Батабиле Олив Дламини, ТРТнын баш директору Ибрахим Эрен жана RUSIнин  башкы директору Карин вон Хиппел да бар.

Англиянын тышкы иштер министрлигинде Дин жана коомдордон жооптуу министрлик кызматынан өлкөсүнүн Газа саясатынан улам кеткен, Англиянын биринчи мусулман аял министри Баронес Сайееде Варси да доклад окуучулардын арасында.

Актуалдуу саясий маселелер жана медианын жоопкерчилиги  талкуулана турган форумда чет элдик душмандыгы жана исламофобия, гуманитардык жардам, эл аралык система жашап жаткан кризис жана бул маселелерди чечүү сунуштары сыяктуу темалар тууралуу отурумдар өткөрүлөт.

18 -  октябрь күнү кечинде өткөрүлө турган “TRT World Citizen” проектисинин таанытылышы менен TRT Worldдун адамзаттык кризистер тууралуу социалдык жоопкерчилик демилгелери сөз болот. Проектинин темасы болсо жоголгон качкын балдар.

Качкындарды күн тартибине алып келүү менен бирге даректүү фильмдер да көрсөтүлөт. TRT Worldдун кабар координатору Фатих Эр бул тууралуу : «Ошол эле учурда бир кабар борбору катары орган мафиясынын колуна түшкөн балдар тууралуу бир даректүү фильм даярдап жатабыз. Ал  даректүү фильмди  кыска убакта эфирге чыгарабыз. Социалдык  жоопкерчилик проектилерибиз улантылат»,- деди. Форум жана катышуучулар тууралуу кенен маалыматты forum.trtworld.com адресинен алууга болот.

 



Тектеш кабарлар