Хаккариде 4 аскер шейит болду

ПКК террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 4 аскер шейит болуп, 4 аскер жараланды.

819880
Хаккариде 4 аскер шейит болду

Хаккаринин Йүксекова районунда аскердик унаа өтүп бара жаткан учурда ПКК террордук уюмдун мүчөсү террористтер тарабынан жасалган кол салууда 4 аскер шейит болуп, 4 аскер жараланды.

Йүксековага караштуу Эсендере аймагында ПКК террордук уюмга мүчө террористтер жолго жайгаштырылган жарылуучу зат аскердик унаа өтүп бара жаткан учурда жардырылды.

Жардыруудан кийин жараланган аскерлер ооруканага жаткырылып, кол салууну жасаган террористтердин кармалышы үчүн аймакта операция баштатылды.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым кол салуу тууралуу Хаккари губернатору Жүнейт Орхан Топракка телефон чалып маалымат алды. Ошол эле учурда жарылуу тууралуу түрк куралдуу күчтөрүнөн маалымат берилди. Маалыматта террордук уюмдар менен күрөшүүнүн эң акыркы террорист калганга чейин чечкиндүүлүк менен улантылары дагы бир жолу баса белгиленди.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар