Эрдоган БУУнун имаратында эки тараптуу жолугушууларын да өткөрүүдө

Эрдоган, БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышканы барган АКШнын Нью-Йорк шаарында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.

810840
Эрдоган БУУнун имаратында эки тараптуу жолугушууларын да өткөрүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышканы барган АКШнын Нью-Йорк шаарында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.

Эрдоган БУУнун имаратында лидерлердин эки тараптуу жолугушуулар үчүн бөлүнгөн бөлүмүндө эң оболу Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолукту.

Президенттиктин Твиттер эсебинен француз тилинде жарыяланган билдирүүдө, Франциянын президенти Макрондун, «Түркиянын президенти менен жолугуу өзгөчө баалуулук»,деген сөздөрүнө орун берилди.

Билдирүүдө Эрдоган жана Макрондун кечээ Нью-Йоркто болгон жолугушуусунун фотосүрөтү да бөлүшүлдү. Фотосүрөттө Эрдогандын эр жүрөк жана өзүнө ишенген абалы, Макрондун болсо санааркаган, толкунданган жана бир нерсени билүүгө аракет кылып жаткан абалы чагылышкан.

Андан соң президент Режеп Таййип Эрдоган, Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси жана Англиянын премьер-министр Тереза Мэйди өз өзүнчө кабыл алды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш менен да жолугушуу өткөргөн Эрдоган, андан соң делегация башчыларынын урматына берилген сый тамакка катышты.



Тектеш кабарлар