АКШда жашаган түрктөр Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоганды отелдин алдында күтүп турушту

Эрдоган менен жубайы, отелдин кире беришинде өздөрүн күтүп турган түрк жарандарынын жанына барышты

810389
АКШда жашаган түрктөр Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоганды отелдин алдында күтүп турушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-чакырылышына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган президент Режеп Тайип Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Меланья Трамптын жетекчилигинде өткөрүлгөн сый кечеге катышышты.

Андан соң колдорунда түрк желектерин көтөргөн АКШда жашаган түрктөр, Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоганды алар конок болгон отелдин алдында күтүп турушту.

Эрдоган менен жубайы, отелдин кире беришинде өздөрүн күтүп турган түрк жарандарынын жанына барышты.

Бул жерде түрк жарандары менен саламдашкан Эрдоган менен жубайы, алар менен баарлашып эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эрдоганды күтүп тургандардын арасында болгон АК Партиянын Түндүк Америкадагы Шайлоо координация борборунун жетекчиси Левент Али Йылдыз, президент Эрдоганга «Кош келдиңиз» деп айтуу үчүн жана «Дүйнө бештен чоң» деген билдирүүсүн бөлүшкөнү үчүн отелдин алдына келгендерин айтты.



Тектеш кабарлар