Орусиянын С-400 ракеталык коргонуу системасы Түркияга качан тапшырылат?
С-400 үчүн Түркия менен Орусиянын ортосундагы акыркы келишимге Курман айттын алдында кол коюлду.
Түркиянын Орусиядан алган С-400 авиациялык жана ракеталык коргонуу системасынын 2018-жылы Түркияга тапшырылышы күтүлүүдө.
С-400 үчүн Түркия менен Орусиянын ортосундагы акыркы келишимге Курман айттын алдында кол коюлду.
Алгачкы С-400 системасынын алдыбыздагы жылда Түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кириши күтүлүүдө.
Түркия коргоо өнөр жайында жактырган «биргелешип өндүрүү жана технология трансфери» үлгүсүн С-400 келишиминде да ишке ашырат.
Орусиядан авиациялык жана ракеталык коргонуу системасын алгандан кийин эки өлкөнүн ортосунда биргелешип өндүрүү процессине өтүлүшү пландалууда.
Түркия ала турган С-400 авиациялык жана ракеталык коргонуу системасында кургактыктан абага учуучу ракеталар, радарлар, учуруучу батареялар жана башкаруу борбору бар.
Жалгыз бир системадагы учуруучу шайманынын саны 8, ракета саны болсо 32 боло турганы белгиленди.
С-400дөр мээлеп учкан ракеталарга, баллистикалык ракеталарга, учкучсуз учуучу учактарга жана радарга кармалбаган учактрага каршы таасирдүү...
Системадагы өнүктүрүлгөн радарлар коркунучту эң аз 400 чакырым алыстан жана 300 чакырым бийиктиктен белгилей алат.
Атмосферадагы коркунуч 40-60 чакырым алыстыкта жок кылынат.
С-400 авиациялык жана ракеталык коргонуу системасы 5 мүнөттүн ичинде атууга даяр болот.
Система бир эле убакта 100 башка бутаны белгилөө жана 36 башка бутаны мээлөө өзгөчөлүгүнө ээ.
Тектеш кабарлар
Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"
Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Каржы министри Мехмет Шимшек : "Түркия экономикасы ишеним берүүдө"
Мехмет Шимшек АКШдагы жолугушуулары тууралуу ТРТге маалымат берди.