Маданият министри Нуман Куртулмуш Кытайда

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш 2018 -  жылдын Түркия жана Кытай карым – катнаштары жактан абдан мыкты бир жыл болорун айтты.

806144
Маданият министри Нуман Куртулмуш Кытайда

Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш 2018 -  жылдын Түркия жана Кытай карым – катнаштары жактан абдан мыкты бир жыл болорун айтты.

Расмий сапар программасынын негизинде Кытайдын жетекчилигинде  өткөрүлгөн БУУнун Дүйнөлүк Туризм Уюмунун 22 -  жалпы кеңеш жыйынына катышуу үчүн Чынгду шаарына барган маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш Түркия теле – радио мекемеси жана Анадолу агенттигине маалымат берди.

Куртулмуш Кытайдагы жолугушуулары учурунда бул өлкө туризм секторунун маанилүү өкүлдөрү жана Кытайда иш алып барган түрк фирмаларынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жыйындарынын «түшүмдүү» өткөндүгүн жана бул жыйындын белгилүү аралыктар менен улантыларын белгиледи.

Министр Куртулмуш : «Бул сапар толугу менен Кытайга жасалган сапар. Мунун жыйынтыктарын алуу үчүн да бардык күчүбүз менен иштөөнү улантабыз. Кытайлыктар менен өткөргөн бул сүйлөшүүлөрдө Кытайдын да Түркияга олуттуу түрдө маани бергендигин көрдүк»,- деди.

Пекин башкаруусунун Түркияны стратегиялык бир орток катары көрүнгөндүгүн айткан Куртулмуш ар тармактагы карым – катнаштарды  өнүктүрүү максатында экендигин билдирди. Кытайлык министрдин мурунку күнү эки тараптуу сүйлөшүүсүндө : «Эмне үчүн Түркияга эки миллион турист келбесин»,- дегендигин баса белгилеген Куртулмуш : «Бул жыйын абдан түшүмдүү өттү. Буйруса жыйынтык ала турган бир топ  кадамдардын ташталышына себеп болду»,- деди.

Куртулмуш БУУнун Дүйнөлүк Туризм Уюмунун негизинде өлкөлөрдүн министрлери менен  эки тараптуу сүйлөшүү болорун жана тийиштүү өлкөлөр менен туризм тармагында кандай  кадамдардын ташталары караларын сөздөрүнө кошту.

Түркия 1975 -  жылы курулган Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Туризм Уюмунда куруучу мүчө катары орун алууда. Маданият жана туризм министр Куртулмуш Чынгдудагы жолугушууларынын негизинде Азербайжан маданият жана туризм министри Эбүлфез Гараев менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар