Мьянма кыргынын БУУнун башкы ассамблеясында күн тартипке алып чыгабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулдагы Чаталжада катышкан шейиттердин жаназа зыйнатынан кийин атуулдарга кайрылды.

800869
Мьянма кыргынын БУУнун башкы ассамблеясында  күн тартипке алып чыгабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Мьянма процессин 19-сентябрда БУУнун башкы ассамблеясында эң кеңири түрдө күн тартипке алып чыга тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Чаталжада катышкан шейиттердин жаназа зыйнатынан кийин атуулдарга кайрылып жатканда Мьянмада аракандык мусулмандардын трагедиясына көңүл буруп: «Адамзат Мьянма кыргынына үн катпай койду»,-деди.

19-сентябрда БУУнун башкы ассамблеясында лидерлер менен буларды сүйлөшө турганын билдирген Эрдоган, Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен төрагасы катары 20 чакты дүйнөлүк лидер менен да бул темаларды сүйлөшкөнүн белгилеп кетти.

Эрдоган: «Мьянмада тилекке каршы абдан чоң кыргындар болду. Бул Мьянма кыргындарына адамзат үн катпай койду. Телеберүүлөрдө ошол Мьянмадагы мусулмандар туш болушкан запкыны көрдүңөр болуш керек. Кандай азап тартканын көрдүңөр. Айылдары кандай өрттөлгөнүн көрдүңөр. Биз Түркия катары Кызылайыбыз, Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгыбыз (АФАД) менен бул жерлерге жардамдарыбызды жеткирдик. Жеткирүүнү да улантабыз»,-деп айтты.

Буга кошумча тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ирандык кесиптеши Жевад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда Чавушоглу менен Зарифтин сүйлөшүүсүндө аракандык мусулмандардын абалы каралды.



Тектеш кабарлар