Адилеттик министри Абдулхамит Гүл немис кесиптеши менен сүйлөштү

Адилеттик министрлигинен берилген маалыматта сүйлөшүүлөрдүн улантылышы жана кыска убакыттын ичинде жолугушуу тууралуу макулдашуунун түзүлгөндүгү белгиленди.

791862
Адилеттик министри Абдулхамит Гүл немис кесиптеши менен сүйлөштү

Адилеттик министри Абдулхамит Гүл немис кесиптеши Хейко Маас менен телефон аркылуу бир саатка жакын сүйлөшүү өткөрдү. Адилеттик министрлигинен берилген маалыматта : «Эки өлкөнүн ортосундагы көп тараптуу темалар жана эки тараптуу адилеттик кызматташтык жайгдайлар каралган сүйлөшүү оң атмосферада өттү»,- деп айтылды.

Маалыматта эки министрдин сүйлөшүүлөрдүн улантылышы жана кыска убакыттын ичинде жолугушуу тууралуу макулдашуунун түзүлгөндүгү да белгиленди.

Түркия кечээ Фетуллахчы террордук уюмдун 2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылына катышкан жана качып жүргөн Адил Өксүздүн Германияда экендигине байланыштуу кабарлар тууралуу бул өлкөгө нота бергендигин билдирген.

 



Тектеш кабарлар