Түркия Малидеги БУУнун миссиясына кол салууну айыптады

Түркиянын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндөгү жарыясында билдирди.

790729
Түркия Малидеги БУУнун миссиясына кол салууну айыптады

Түркия, Малидеги БУУнун тынчтык күчү миссияларын (MINUSMA) бутага алган куралдуу кол салууну айыптады.

Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында БУУнун Малидеги тынчтык күчү миссияларына (MINUSMA) карай акыркы эки күндөн бери болуп жаткан террордук кол салуулардын катуу айыпталганы белгиленди.

Анда, «Бул мыкаачылык кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, тууган Мали калкына жана БУУнун Малидеги тынчтык миссиясынын мүчөлөрүнө кайрат айтабыз. Жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Түркия акыркы жылдарда терроризмдин бутасы абалына айланган Мали менен колдошуусун жана эл аралык коомчулуктун БУУ аркылуу өлкөдө тынчтык жана ырааттуулукту туруктуу түрдө камсыздалышына карай иштерин колдоосун улантат»,делди.



Тектеш кабарлар