Түркия - Иран чек арасында коопсуздук дубалы

144 километрдик дубал тургузула баштады.

786669
Түркия  - Иран чек арасында коопсуздук дубалы

Түркия  - Иран чек арасына текшерүүсүз өтүүлөрдү алдын алуу максатында  144 километрдик дубал тургузула баштады. Улуттук коргоо министрлиги жана премьер  - министрликтин турак  - жай башкаруусу ТОКИнин ортосундагы токтомдун алкагында ТОКИ тарабынан Агры жана Ыгдырдын ортосунда беш этап түрүндө «коопсуздук дубалы» курулат.

Чек арадан текшерүүсүз өтүүлөрдү алдын алуу үчүн курула турган 144 километрдик коопсуздук дубалынын биринчи этабы октябрь айында бүткөрүлөт. Дубалдын артында коопсуздук күчтөрүнүн күзөттө турушу максатында «коопсуздук жол» да курула турган дубалдын  15 капкасына ок өткөрбөй турган айнактер коюлат.



Тектеш кабарлар