Акса мечити бүтүндөй мусулмандардын көзүнүн карегиндей

Эрдоган Перс булуңунун үч өлкөсүн камтыган сапарынан кайтканда абалга өз серебин салды.

776768
Акса мечити бүтүндөй мусулмандардын көзүнүн карегиндей

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Акса мечити бүтүндөй мусулмандардын көзүнүн карегиндей экенин айтып, Израилди укукка баш ийүүгө чакырды.

Эрдоган Перс булуңунун үч өлкөсүн камтыган сапарынан кайтканда абалга өз серебин салды.

Эрдоган: «Катар маселесинин чечилиши темасында эмнелерди кыла ала турганыбызды, өлкө катары кандай салым кошо ала турганыбызды чогуу талкууладык. Акыркы сапарыбыз жана жолугушууларыбыздын ырааттулук жана эки тараптуу ишенимдин кайрадан пайда болушу жолунда маанилүү кадам болгонуна ишенүүдөмүн»,-деди.

Катардагы Түрк базасы темасынын болсо бир гана бул өлкө менен каралганын белгилеген президент Эрдоган: «Катардын акыркы мезгилдеги мамилеси мактоого арзырлык»,-деди.

Акса мечитин көздөй Израиль бийлигинин ишке ашырган чектөөлөрүнүн кабыл алынгыс экенин айткан Эрдоган: «Мусулмандардын ибадет укуктарын көрмөксөнгө салган, Акса мечитинин ыйыктыгын бузган бул кадамдар чыңалууну дагы да күчөтүүдө. Ибадеттерин кылганы келген мусулмандарды террористтер менен бирдей кароо чоң жаңылыштык»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Израиль мына ушул сыяктуу укук билбөөчүлүктөр менен бир гана өзүнө эмес бүтүндөй аймакка зыян тийгизүүдө. Акса мечити бүткүл мусулмандардын көзүнүн карегиндей. Ыйыктыктарыбыздын тебеленишине үн катпай жана каршылык көрсөтпөй кала албайбыз»,-деди.

Президент Эрдоган, Нетаньяхунун айткандарынын кабыл алына турган эч бир тарабы жоктугун белгилеп, «Бул глобалдык укукка, адам укуктары мыйзамдарына, ишенич эркиндигине,ушул сыяктуу эл аралык пайдубалы болгон бардык билдирүүлөргө, документтерге терс түшкөн кыймыл болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар