Реинага кол салган террорист камоого алынды

Жаңы жыл кечесинде Стамбулдагы бир көңүл ачуу борборунда 39 кишинин өлүмүнө себеп болгон террордук кол салуунун аткаруучусу Ибрахимжон Аспаров Данияда камоого алынды.

774150
Реинага кол салган террорист камоого алынды

Жаңы жыл кечесинде Стамбулдагы бир көңүл ачуу борборунда 39 кишинин өлүмүнө себеп болгон террордук кол салуунун аткаруучусу Ибрахимжон Аспаров Данияда камоого алынды. Биринчи баскычта 4 жума абак жазасы берилген Аспаровдун Түркиянын каалоосу менен камоого алынгандыгы билдирилди.

Түштүк  - Чыгыш Ютландия прокурору Дорт Моллер Андерсен Аспаровдун жаңы жыл кечесинде бир көңүл ачуу борборуна жасалган террордук кол салуусунан улам Түркиянын тапшыруу талабы боюнча камоого алынгандыгын айтты. Террордук кол салууну жасаган ДЕАШ мүчөсү Абдүлкадир Машраповго куралдарды берген Аспаров качып барган Данияда андан мурда да кармалган бирок эркин койо берилген болчу.

 

 



Тектеш кабарлар