15-Июль демократия күзөттөрү

Атуулдар өлкөдө “демократия күзөтүн” өткөрүүнү улантты.

772094
15-Июль демократия күзөттөрү

Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн 15-июлдагы  төңкөрүш аракетинин биринчи жылында “15-Июль демократия жана улуттук биримдик  күнү” эскерүү иш-чарасынын алкагында 81 аймактан келген атуулдар “демократия күзөтүн” өткөрүштү.   

Аталган иш-чараны бир топ чет элдик медиа каражаттары чагылдырды.  Ишембиде башталган “демократия күзөтү”  иш-чарасы өлкө башчы Режеп Таййып Эрдогандын  чакырыгы менен  атуулдар тарабынан кечээ дагы улантылды.

Анкарада өлкө башчынын комплексинин алдына түрк желектерин кармаган атуулдар, бейөкмөт  уюмдарда, муниципалитеттерде жана айрым министрликтерде ачылган 15-Июль аттуу станттарга кайрылышты.

 Уюштурулган “15-июль эскерүү” иш-чарасы атуулдардын сүрөткө түшүшү, гимндер жана түркүлөр (түрк улуттук ырлар) менен коштолду.  Айрым уюмдар мекендештерге жол азык таратты.

Ошондой эле Кызылай районунун Гүвенпаркында чогулган атуулдар 15-июлдагы төңкөрүштү чагылдырган Анадолу агенттигинин кабарчылары тарткан сүрөт көргөзмөгө да катышышты.

Президенттик комплекстин алдыдагы эскерүү күзөтүнө катышкан атуулдар эртең менен өлкө башчы Эрдоган ачып берген 15-июль шейиттер эстелигине да барышты.

Эстеликте шейиттер  үчүн дуба кылган атуулдар түрк желектери менен сүрөткө түшүштү.

Атуулдар Стамбулда да демократия күзөтүн өткөрүү максаты менен президент Эрдогандын Кысыклыдагы үйүнүн алдына чогулуп, калкты ынтымак жана биримдикке чакырды.

өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган 15-Июль Шейиттер көпүрөсүнүн Анадолу жээгинде Шейиттер макамын ачып берди.Ага атуулдар чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Таксим аянтында да атуулдар демократия күзөтүн өткөрүүнү улантышты.

 



Тектеш кабарлар