Муглага 1 миллион индиялык турист

25 – 28 -  октябрь күндөрүнүн арасында Индиядан 600 саякат агенттигинин жетекчилери Муглада болот.

768706
Муглага 1 миллион индиялык турист

Мугладагы туризм секторунун өкүлдөрү жыл сайын иреттүү түрдө өлкө тышына саякатына чыккан индиялык туристтердин 1 миллионун Түркияга алып келүүнү максат кылууда.

Ушунун негизинде өткөн жумада маанилүү бир кадам ташталды жана Индия саякат агенттиктери федерациясынын 2017 – жылы Жалпы Кеңештин Муглада өткөрүлүшү үчүн келишим түзүлдү. Ушуга караганда 25 – 28 -  октябрь күндөрүнүн арасында Индиядан 600 саякат агенттигинин жетекчилери Муглада болот.

Айрыкча түрк аба жолдору менен Индиядан келе турган жүргүнчүлөргө арзан билет сатуу тууралуу да келишим түзүлдү. Бул кадамдардан кийин Индиядан Мугла башта болуу менен түрк шаарларына келе турган турист санында олуттуу артуунун болушу күтүлүүдө.

Мугла соода жана өнөр жай палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Бүлент Каракуш өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө индиялык туристтердин Европа жана АКШда тескери мамилелерге туш болушкандарын, Түркияда өздөрүн дагы эркин сезишкендерин, тамактарынын  жакын экендигин билишкендерин айтты.

Индияда кино индустриясынын өнүккөндүгүнө  көңүл бурган Каракуш Болливуддан 2 кинонун Муглада тартылышы тууралуу макулдашуунүн түзүлгөндүгүн билдирди.

Каракуш бүгүн туризм тууралуу  иштерин улантышкандарын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар