Иоган Хан Түркияга келет

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы сүйлөшүүгө карата даярдыктар улантылууда.

765329
Иоган Хан Түркияга келет

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы сүйлөшүүгө карата даярдыктар улантылууда.

Европа Биримдиги комиссиясынын  кеңейүү боюнча сүйлөшүүлөрүнөн жооптуу мүчөсү Иоган Хан эртең Түркияга келет. Хан борбор шаар Анкарадагы жолугушууларынын негизинде Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик тарабынан кабыл алынат. Жолугушууда Түркия  - Европа Биримдиги менен виза эркиндигинде келинген акыркы абал каралат.

25 -  июлда да Бельгиянын борбор шаары Брюсселде «Жогорку даражада саясий диалог жыйыны» өткөрүлөт.

Жыйынга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Европа Биримдиги министри Челик, Европа Биримдигинин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Федерика Могерини менен Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүү боюнча башкы сүйлөшүүлөрүнөн жооптуу мүчөсү Иоган Хан катышат. Хандын Анкара сапары «Жогорку даражада саясий диалог жыйынына» карата даярдык жолугушуусу катары мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар