Геракл саркофагы Швейцариянын Женева шаарында зыяратка ачылды
Көргөзмөгө чыгуусу менен бирге таандык болгон жерге кайтуу процесси да башталды.
Маданият жана туризм министри Наби Авжы Женевада UNESCOнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту. Авжы жолугушуудан кийин Женева университетинде Түркиядан качырылган Геракл саркофагынын зыяратка ачылуу аземине катышты. Авжы Женева университетиндеги ачылышта сүйлөгөн сөзүндө : «Бир тарыхый чыгарманын географиялык, маданий жана көркөм өнөр жактан байланышынын үзүлүшүнүн негизинен бир өлкөнүн маданиятынын эмес, бүткүл дүйнө цивилизациясынын бүтүндүгүнүн тебелениши деген мааниге келгендигин унутпашы керек»,- деди.
Маданият жана туризм министри Түркиянын өлкөдөн мыйзам тышы жол менен чыгарылган бардык маданий байлыктардын тапшырылышы үчүн иштөөгө жана керектүү демилгелерди аткарууну улантарын баса белгиледи.
2010 – жылы Женева бажысында колго түшүрүлгөн Геракл саркофагынын көргөзмөгө чыгарылышы менен Түркияга тапшыруу процесси да башталды.
Сот процессинин акырында саркофагдын Женева университетинде үч ай көргөзмөдө тургандан кийин Түркияга жиберилишине чечим чыгарылган болчу.
Биздин заманга чейинки экинчи кылымдан калган, Перге байыркы шаарында табылган белгилүү мифологиялык каарман Гераклдын 12 иши сүрөттөлгөн саркофаг 235 сантиметрдик өлчөмдө болуп, 112 сантиметрдик кеңдикте жана 3 тонналык салмакта.
Тектеш кабарлар
Иорданиянын тышкы иштер министри Анкарага келет
Жолугушууда негизги тема Израилдин аймактагы кол салуулары болмокчу.