Чыгыш Карадеңизде 26 миң 826 суу кушу катталды
Ризе, Трабзон, Артвин жана Гиресун облустарында суу куштары саналды

Чыгыш Карадеңизде 26 миң 826 суу кушу катталды.
Самсундагы 19-Май университетинин жетекчилигинде Ризе, Трабзон, Артвин жана Гиресун облустарында суу куштары саналды.
Суу куштарынын мезгилдик көч кыймылдуулугу эң аз болгон саздак жерлерде уя салышкан 15-январдан 15-февралга чейин саноо иши жүрдү.
Жаратылышты коргоо жана улутук парктар директорлугунун кызматкерлери менен 1-Май университетинин Орнитологиялык изилдөө борборунан орнитологдор катышкан саноодо, куштардын түрү жана жеке сандары белгиленди.
Ризе жээктеринде 23 түрдөн 6 миң 511, Трабзондо 18 түрдөн 6 миң 165, Артвинде 16 түрдөн 5 миң 775 жана Гиресунда болсо 19 түрдөн 8 миң 375 суу кушу катталды.
Тектеш кабарлар

Түркия менен Греция кайрадан жолугушууларын баштайт
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Эгей деңизиндеги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көйгөйлөр талкууланат.